2016-жылдын 30-мартында Бишкекте Чүй облусунун муниципалитеттери арасында жарыяланган Чакан гранттар программасы-2016 сынагынын жыйынтыгы чыкты. Сынактын 14 миллион сом көлөмүндөгү байге фондун Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору бөлгөн.
Баары болуп сынакка катышууга Чүй облусунун элеттик жана шаардык муниципалитеттеринен 31 өтүнмө түшкөн.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн атынан “Спорт – ден соолуктун кепили” деген аталыштагы табыштама берилген. Бул табыштамада көрсөтүлгөн долбоор айылда чакан спорт аянтчасын куруу боюнча даярдалган.