Ч. Айтматовдун урматына иш-чара

12 Декабря 2018

Ч. Айтматовдун урматына иш-чара

Саадаш Абдылаева атындагы орто мектебинде декабрь айынын 12синде Чынгыз Айтматовдун урматына иш-чара өткөрүлдү. Быйыл биздин залкар жазуучубуздун 90-жалдыгы.

Менин оюмча ар бир “мен кыргызмын” деген адам Ч. Айтматовду билиш керек. Ч. Айтматов ааламын алпы деп так айта алабыз. Анткени ал Пушкин, Шекспир, Гюго, Толстой сыяктуу улуу бийиктиктеги инсан. Биз дүйнөдөгү аз сандагы элбиз, аз сандагы элден Айтматов сыяктуу кеменгерлер сейрек жаралат. Ааламга кетчү жол айылдан башталат демекчи, ошол тоо арасындагы кыргыз айылынын кулуну - биздин Айтматов, бизин сыймыгыбыз.

Балким ар бир адамдын сүйүктүү чыгармасы бар. Менин сүйүктүү чыгарам “биринчи мугалим” , мен келечекте Дүйшөндөй мугалим болгум келет. Окуучуларыма  “адамга эң кыйын - күн сайын адам болуу”  деген  Ч.Айтматовдун  учкун сөзүн үйрөткүм келет.